www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорго каршы коалициясы милициянын кыйноолорунан жапа чеккен Наргиза Ражапованын билдирүүсүн таратты.

Аял өзүнө, ошондой эле күйөөсүнө, инисине жана 17 жаштагы уулуна карата Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын Ош шаарындагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын подполковниги Таирбек Уларовду өлтүрдү деп айыптап, кыйноого алынганын айтууда.

«Алар полиэтилен баштыгын кийгизип, колу-буттарыбызга уруп, тырмактардын астына ийнелерди сайып, сыранын (пиво) желим бөтөлкөсү менен зордукташкан. Боюмда эгиздер бар болчу, бирок кыйноолордун айынан боюмдан түшүп калды", - деп айтылат билдирүүдө.

Күнөөлүүлөрдүн бири да жазаланган эмес, кыйноо боюнча тергөө токтотулган.

Коалиция белгилегендей, 2018-жылдын 28-мартында Башкы прокуратура түштүк борбордогу Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата кыйноо жана мыйзамсыз камакка алуу боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө УКМКга тапшырылган. Бирок, иштин токтотулгандыгы белгилүү болду.

2020-жылы Ош шаардык соту УКМКнын тергөөчүсүнүн Наргиза Ражапованы кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндөгү негизсиз чечимин жокко чыгарган. Иш сотко берилген. Учурда күбөлөрдү суракка алуу иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости