www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Алга Кылычевдин берген маеги боюнча маселени көтөрдү.
«Биздин жарандар маек берип жатканда силердин дарегиңерге даттануу же мыйзам бузуу боюнча айтса, ошол сөздөрүнө кандай реакция болуш керек?» - деп сурады депутат Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдон сурады.
Каниметов: «Маалымат каражаттары аркылуу биздин жарандар кайрылса дароо каттоого алынат», - деп жооп берди.
Төрөбаев: «Алга Кылычев деген жаран «Азаттыкка» берген маегинде силердин дарегиңерге бир топ сындарды айтты. Ошого силер жооп бердиңерби?»- деп сурады.
Каниметов: «Кечээги күн менен Алга Кылычевдин кайрылуусу бирдиктүү реестрге катталды. Текшерүү иштер жүргүзүлүп жатат», - дейт.
Булак: NazarNews.kg