www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облустук Капиталдык курулуш башкармалыгында кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан 21-декабрда кабарлашты.
"УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Баткен облустук Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкаруу жана капиталдык курулуш башкармалыгында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн. Жыйынтыгында аталган башкармалыктардын жооптуу адамдарынын кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактыларын аныкталган.
Белгилүү болгондой, Баткен шаардык аймактык ветеринардык лабороториясынын жана Баткен районундагы 3 орто мектебин курууда жана ишке киргизүүдө, куруу иштерин көлөмүн жогорулатылган баада кургандыгы аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу), 221-беренси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы) жана 315-беренси (кызматтык жасалмалуулук) боюнча кылмыш иши козголду.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-ноябрында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп каза болгон. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары жогорудагы Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.
Булак: NazarNews.kg