www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги куралдуу кол салууда каза болгон 27 адамдын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жаракат алган 67 жаранга 50-100 миң сомдон компенсация төлөндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев билдирди.

Жунушалиевдин айтымында, жалпы жонунан компенсация төлөөгө 51 миллион 556 миң сом каралган.

"Албетте, компенсация алуу үчүн тийиштүү процедуралардан өтүшү керек. Бул 27 үй-бүлө бардык документин толуктаган, башкаларга дагы процедуралардан өтүп бүтөрү менен кенемте төлөнөт", — деди Жунушалиев.

Ошондой эле ал алган жараатынын оордугуна карап 50 миңден 100 миң сомго чейин 67 жабырлануучуга компенсация төлөнгөнүн кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуу үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягында болгон. Анда 36 кыргызстандык набыт болуп, 190 мекендеш жаракат алган. Бул окуядан кийин кыргыз бийлиги каза тапкандардын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон, жарадарларга 50-100 миң сом

Булак: NazarNews.kg

Последние новости