www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң тойканалардын иши убактылуу токтотулду

Балыкчы шаарынын мэриясында шаар аймагында коронавирус инфекциясын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунан тарта шаар аймагында маданий-массалык, спорт жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилди.

Жабык имараттарда ар түрдүү жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынып, шаар аймагында чоң тойканалардын иши убактылуу токтотуу боюнча чечим кабыл алынды.

«Калкка кызмат кылган баардык мекеме, ишканаларынын жетекчилерине (банктар, чач тарач, соода-сатык түйүндөрү, базар, супермаркеттер, автозаправкалар ж.б. менчигинин түрүнө карабастан) эскертүүлөр берилсин. Ошондой эле тойканалардын, ашканалардын, тамактануучу жайлардын жетекчилери жана мечиттердин имамдары менен жолугушуп, санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости