www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги «Кадамжай-Коммунальщик» мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү 30 батир, 10 жана 15 сотыхты түзгөн эки жер тилкеси жеке жактарга берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Мүлктөр аталган ишкананын жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан сатылган.

«Тагыраагы, жогоруда кеп болгон мамлекеттик мекеме менен ишкананын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу аркылуу жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке тараптарга сатып жиберишкен», - деп жазылган билдирмеде.

Учурда Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздары жазылган.

Андан сырткары, кызматкерлердин аракетине баа берүү үчүн Жазык кодексинин 320-беренеси менен («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости