www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги мектептер толугу менен онлайн окутууга өтөбү?

Бишкекте мектептерди аралыктан иштөөгө толук өткөрүү же өткөрбөө маселеси коронавируска чалдыккан окуучу же мугалим менен контакт болгондордун санына жараша чечилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы 14-апрелде кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чечимди санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери кабыл алышат.

Бүгүнкү күндө Бишкекте үч мектеп толук бойдон жана жети мектептин 11 классы онлайн окуп жатат. Шаар боюнча 1,5 миңге жакын окуучунун ата-энеси баласы үйдөн окуй турганы жөнүндө арыз жазып беришкен.

9-апрелге карата Бишкекте 22 балада жана 16 мугалимде COVID-19 аныкталган.

Мектептердин баары 2020-жылдын мартында коронавируска байланыштуу толук жабылган. Кийин аймактардагы мектептер ишин улантып, Бишкекте жарым-жартылай онлайн окуу башталган.

Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Бул оору жалпысынан 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости