www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сотунун төрайымынын милдетин аткаруучу Нургүл Бакирова видеоконференция байланыш аркылуу кеңешме өткөрдү. Жогорку сот менен болгон онлайн байланышка жергиликтүү соттордун төрагалары катышты. Бул тууралуу ЖСнын басма сз кызматы билдирди.

Нургүл Бакирова өлкөнүн жогорку сот органынын сайтында жарыяланган мыйзам долбоорлору менен: “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жөнүндө”, “Конституциялык сот жөнүндө” Конституциялык мыйзам, “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш туурасында” жана башкалар боюнча тез арада таанышуу зарылчылыгы жөнүндө маселени көтөрдү.

Сот корпусуна Жогорку соттун дарегине сунуш-пикирлерди жөнөтүү тапшырылды.

Судьялардын жана сот кызматкерлеринин эмгек жана аткаруучулук тартибине көңүл буруу жагы талкууланды.

Мындан тышкары, төрайымдын милдетин аткаруучу шаардык аймактарды санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган жалпы республикалык иш-чаранын алкагында жергиликтүү соттордо ишембиликтерди үзгүлтүксүз өткөрүп турууга буйрук берди.

Жолугушууда ошондой эле катышуучулардын көңүлүн Жеңиш күнүнө арналган иш чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө бурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости