www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт-Гүл каналы Кыргызстанга тийиштүү, ал башка мамлекетке өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов бүгүн, 5-февралда Баткен шаарындагы борбордук мечитте аксакалдар менен жолуккан учурда билдиргенин мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү эл акыркы күндөрү талкуу болуп жаткан Төрт-Гүл каналы боюнча суроо узатышкан. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө Төрт-Гүл суу сактагычына келген Төрт-Гүл каналы толугу менен Кыргызстанга тийиштүү экенин айткан.

--"19 чакырым болгон канал Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдан башталып, Төрт-Гүл суу сактагычына чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагы аркылуу агып келет. Аталган каналдын башы, башкы суу бөлүштүрүүчү жай, стратегиялык өзгөчө маанилүү объект болгондуктан күнү-түнү Кыргыз өлкөсүнүн ички аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Бул объект башка мамлекеттин карамагына өтүп кетүүсү мүмкүн эмес жана ага жол берилбейт", - деген өкүл.

Ошондой эле жалпы элди сабырдуулукка, ынтымакка чакырып, ал эми чек ара маселеси ачык айкын, эл менен биргеликте, макулдашуу жана тынчтык жолу менен чечилерин баса белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости