www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жогорку соту президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп тапкан чечимди 25-январда жокко чыгарды.

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында билдирди.

«Жогорку соттун токтому менен Райкүл Жапаровага карата сот чечимдери жокко чыгып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Ага жанагыдай суроо-талаптын кереги жок. Кыргызстанга эркин келсе болот», - деди Зулушев.

Жогорку сот токтом тууралуу маалымат бере элек.

Райкүл Жапарова 2007-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл инвест банкты» тартып алган деп айыпталып, сыртынан 10 жылга соттолгон.

Былтыр февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Райкүл Жапаровага эл аралык издөө жарыяланганын билдирген.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги ал Польшадан кармалганын, Интерпол Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатканын кабарлаган.

Жапарованын кайра бошотулганы тууралуу маалыматтар айтылган.

Президент Садыр Жапаров былтыр ноябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып эжесине кылмыш ишинин козголушун «саясий буюртма» деп сыпаттаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости