www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Көк-Таш айылында Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын №707 бөлүгүнүн аскер кызматкерлери менен биргеликте чектеш аймактарда жашаган айыл тургундарына “COVID-19” илдетин алдын алууда түшүндүрүү иштерин алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле айыл тургундарынан түзүлгөн ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте кылмыштуулуктун алдын алуу, санитардык-гигиеналык эрежелерди туура сактоо максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

Көк-Таш айылынын М.Назаров жана О.Боронбаев көчөлөрү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманён айылдары менен чектешкен аймактар. 

Баткен районунун Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсү Тажик Республикасынын Исфара районунун Майский, Саманён, Чорку, Хожай-Ало айылдары жана Ворух анклавы менен чектешкен аймактарды тейлешет. 

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер  кызматынын №707 бөлүгүнүн аскер кызматкерлери, Көк-Таш АМБнын өздүк курамы, ыктыярдуу элдик кошуундар биргеликте 3 маршрутка бөлүнүп алышып, эрте менен 8.00дөн кечки саат 20.00гө чейинки аралыкта кайгуул күзөттөрдү жүргүзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости