www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна коронавирустун келип чыгышын иликтөөгө катышуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Sky News телеканалына берген маегинде ДСУнун Кытайдагы өкүлү Годен Галеа билдирди.

Белгилей кетсек, жаңы типтеги коронавирус Кытайдын Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында чыккан. Март айынын башында Дүйнөлүс саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыфялаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзү боюнча ооруга чалдыккандардын саны .,2 миллион адамдан ашты, анын ичинен 233 миңден ашуун адам көз жумду.

Галеанын айтымында, Кытай вирустун жагдайын иликтеп жатат, бирок ушул тапта ДССУ ага катышууга чакырылган жок.

“ДССУ Кытайдын саламаттыкты сактоо органдарына жана бийликтерине кайрылууну улантууда”,-дейт ал.

Ошол эле учурда ДССУнун Кытайдагы өкүлү аталган уюм коронавирустун табигый келип чыгышына ишенээрин баса белгиледи.

“Вирустун келип чыгышын аныктоо өтө маанилүү. Мунун кайталанбашы үчүн биз мүмкүн болушунча көп нерсени билишибиз керек ”,-деди Годен Галеа.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости