www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Чек арасыз кабарчылар» (RSF) эл аралык укук коргоо уюму Казакстан бийлигин өлкөдөгү коронавируска байланышкан абалды чагылдырып жаткан журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Уюм журналисттерди «суракка алуу, сотко чакыруу жана алардын булактарын ачыкка чыгарууну талап кылуу» туура эмес деп эсептейт.

«Казакстандын бийлиги дүрбөлөңгө жол бербөө шылтоосу менен эпидемия тууралуу расмий билдирүүлөргө каршы келген маалымат тараткан журналисттерди, блогерлерди куугунтуктап жатат. Өзгөчө абалды пайдалануу менен кыянатттык кылуу өлкөдөгү сөз эркиндигине зыян келтирүүдө. Муну токтотуу керек», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Билдирүүдө өткөн жумада «Фейсбукта» жазгандары үчүн жети саат полицияда сурак берген чымкенттик журналист жана блогер Зауре Мирзахожаеванын окуясы мисал катары келтирилген. Журналисттин айтымында, полиция «Өзгөчө абал учурунда жалган маалымат таратуу» беренеси боюнча тергөө башталганын билдирип, суракта эмне жөнүндө сөз болгонун айтпоо тууралуу тилкатка кол койдуруп алышкан.

RSF Казакстанда жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал шартында «сот аркылуу куугунтукка алынып жатканын» белгиледи. Баш кеңсеси Парижде жайгашкан уюм бийлик «өкмөттүн саламаттык сактоо тармагындагы аракеттерин ашыкча сындагандарды аныктоо үчүн социалдык түйүндөр менен басылмаларды текшерип жатканын» билдирди.

«Чек арасыз кабарчылар» уюму өткөн аптада жарыялаган сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк рейтингде Казакстан 180 өлкөнүн ичинен 157-орунга жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости