www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде 75 орундуу жаңы балдар ооруканасы курулат

Баткен шаарындагы Чет-Булак кварталында 75 орундуу балдар ооруканасынын курулушуна старт берилди.

13-августта медициналык мекеменин пайдубалына капсула салуу аземи өттү.

Жаңы балдар ооруканасы ПРЭР-2 долбоорунун алкагында курулууда.

Медициналык мекеме балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги багыттарын бир жерге топтойт. Анда заманбап диагностика, хирургиялык дарылоо, реанимация жана интенсивдүү терапия кызматтары каралган.
Долбоордун ишке ашырылышы Баткен шаарында балдарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

Капсула салуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Т. Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору К.А. Жумадылов, Баткен шаарынын мэри С.Д. Кулубаев, жергиликтүү бийлик органдарынын, долбоордун жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Ооруканада балдар үчүн оюн залы жана эс алуу жайлары, ошондой эле аймагында балдар аянтчасы каралган.

Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жайлар уюштурулат.

Последние новости