www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Сокулук районунда «НЕЛЕГАЛ» рейдинин алкагында чет өлкөлүк жарандар арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Иш-чара Сокулук районундагы «Сары-Өзөн Сити», «Көчмөн Сити» турак жай комплекстеринде, ошондой эле башка ишканаларда жана курулуш объекттеринде эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жарандарды камтыды.
Иш-чарага Сокулук РИИБдин кызматкерлери, Сокулук райондук УКМКнын өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагында болуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү учурунда өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана курулуш объекттериндеги коопсуздук талаптарын аткаруу зарылдыгы түшүндүрүлдү.
Ошондой эле мыйзам бузуулар аныкталган учурда күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылары, ал эми тиешелүү учурларда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу (депортациялоо) чаралары колдонулары эскертилди.
Мындан тышкары, курулуш объекттеринде оор жүк ташуучу унаалардын кыймылынан улам пайда болгон чаңды азайтуу үчүн жолдорго үзгүлтүксүз суу чачуу жана айлана-чөйрөгө, ошондой эле жергиликтүү тургундарга ыңгайсыздык жаратпоого багытталган талаптар коюлду.
Түшүндүрүү иштери чет өлкөлүк жарандар арасында мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылууга, коомдук коопсуздукту бекемдөөгө жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.