www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда 2026-жылдын алгачкы алты айында 22 сел кырсыгы жана бир суу ташкыны катталды.
Бул мезгил аралыгында эки жолу «өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.
Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Сүйүнтбек Осмонов облустук жыйында билдирди.
Анын маалыматына караганда, ушул мезгилде облус аймагында 58 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 25 миллион сомго жакын материалдык чыгым келтирилген. Ошол эле учурда болжол менен 40 миллион сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Селдин кесепеттерин жоюу жана алдын алуу максатында 17 объект тиешелүү иштердин тизмесине киргизилген. Алардын 15инде иштер толугу менен аяктаган.
Учурда Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың участкасында узундугу 1 миң 225 метр болгон сел өткөрүүчү сайды тазалоо иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, Жумгал районунун Кызат айыл өкмөтүндөгү Базар-Турук сайынын 850 метр бөлүгүн жана Кочкор районунун Сары-Булак айыл өкмөтүндөгү сайды тазалоо иштери аткарылышы керек.
Быйыл селдин кесепеттерин жоюу боюнча дагы үч кошумча объект иш-чаралардын тизмесине киргизилген. Аткарылган иштердин натыйжасында 449 турак жай, төрт бала бакча, эки көпүрө, үч мечит, үч мектеп, бир парк, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун бир имараты жана 27 гектар айдоо аянты селден корголгон.