www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда кылмыштуулуктун алдын алуу жана криминогендик кырдаалды туруктуу кармоо максатында «Бандит» аттуу ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, иш-чара 2026-жылдын 11–14-август күндөрү Кыргыз Республикасынын ИИМинин жана Талас ОИИБдин тиешелүү тескемелеринин негизинде уюштурулган.

Анын жүрүшүндө Талас ОИИБдин, ошондой эле шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турган жарандар ички иштер органдарынын имараттарына жеткирилип, алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жарандардын өздүгү такталып, жашаган жери, күнүмдүк ишмердүүлүгү, социалдык байланыштары жана кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрү менен мамилелери боюнча тиешелүү маалыматтар текшерилди.

Ошондой эле профилактикалык иштердин алкагында алардын манжаларынын издери алынып, тиешелүү маалыматтар текшерүүгө жөнөтүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты — кылмыштуулуктун алдын алуу, мурда жасалган кылмыштарды ачууга көмөктөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле криминогендик кырдаалга терс таасир этүүчү факторлорду аныктоо жана жоюу.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан иштер коомдук-саясий абалдын туруктуулугун камсыз кылууга багытталган.
 

Последние новости