www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кыргыз-кытай өткөрмө пункттарын башкаруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору макулдашылды.
14-августта Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосунда аталган макулдашуунун долбоору талкууланды.
Иш-чарага Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тышкы иштер, Айыл чарба, Транспорт жана коммуникациялар, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышты.
Кытай тараптан Башкы бажы башкармалыгы, Тышкы иштер министрлиги, Улуттук иммиграция кызматы, Транспорт министрлиги жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.
Макулдашуунун долбоорунда өткөрмө пункттарын башкаруу боюнча кыргыз-кытай комитетин жана айрым өткөрмө пункттары боюнча жумушчу топторду түзүү каралган.
Бул механизм эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын ортосундагы координацияны күчөтүп, өткөрмө пункттарынын ишине байланышкан практикалык маселелерди ыкчам чечүүгө шарт түзөт.
Долбоорду парафирлөө кыргыз-кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөө жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам катары бааланууда.
Макулдашууга кол коюу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу иш-чаралардын жүрүшүндө пландалууда.