www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жана Ош шаарларында прокуратура кызматкерлери үчүн экологиялык мыйзамдарды колдонуу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине арналган тренингдер өткөрүлдү.

12 жана 14-августта өткөн иш-чаралар «Экологиялык талаштарды кароо жана чечүү» темасында уюштурулуп, ага экологиялык прокуратуралардын, облустук прокуратуралардын, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларынын кызматкерлери катышты.

Тренингдер БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Иш-чарага экологиялык укук, прокурордук көзөмөл жана соттук практика боюнча эксперттер тартылды.

Окутуунун негизги максаты — прокурорлордун экологиялык мыйзамдарды колдонуу, көзөмөл жүргүзүү, экологиялык укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле экологиялык талаштарды кароого натыйжалуу катышуу боюнча кесиптик компетенцияларын жогорулатуу.

Катышуучулар улуттук жана эл аралык экологиялык мыйзамдардын талаптарын, экологиялык талаштарды кароо практикасын, келтирилген зыянды эсептөө тартибин жана жер казынасын пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстандын климаттык күн тартиби, экологиялык талаштарды сот аркылуу чечүү механизмдери жана прокуратура органдарынын мамлекеттик органдар жана соттор менен өз ара аракеттенүүсү каралды.

Тренингдерде практикалык мисалдарга жана мыйзамдарды колдонуудагы көйгөйлүү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаралар прокуратура кызматкерлеринин кесиптик дараметин жогорулатууга жана айлана-чөйрөнү, ошондой эле жарандардын экологиялык укуктарын коргоонун натыйжалуулугун күчөтүүгө багытталды.

Последние новости