www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда колдонуучулар Нарын облусундагы популярдуу туристтик жайлардын бири болгон Кел-Суу көлү жана Көк-Кыя өрөөнүнүн булганып жатканына көңүл бурушту.

Сүрөттөрдүн автору бир нече жыл мурда көлдүн айланасы кыйла таза болгонун айтып берди. Анын айтымында, азыр ал жакка барган сайын жээктен да, суудан да таштандыларды көбүрөөк байкап жатат.

«Кыргызстан туристтердин мындай агымына азырынча даяр эмес», — деп белгилеген кыз туризмдин өнүгүшү жергиликтүү тургундарга киреше алып келерин, бирок саякатчылардын саны көбөйгөн сайын жаратылыш аймактарына түшкөн жүк да артып жатканын кошумчалады.

Автор Кел-Суу менен Көк-Кыянын абалына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды. Анткени бул аймактардын туристтер арасындагы популярдуулугу жылдан-жылга өсүп жатат.