www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек, Алматы жана Дүйшөмбүдө электр жарыгы өчтү

Бүгүн, 14-августта саат 15:00дөн тарта Бишкектин ар кайсы райондорунун тургундары электр жарыгы өчүп же үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришүүдө. 

Алгач электр жарыгы Тыныстанов/Токтогул көчөлөрүнүн аймагында өчкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Кийин Ибраимов/Бөкөнбаев, Абдрахманов/Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиштеринде, «Аламүдүн-1» кичи районунда, Сүйүмбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде, «Молодежный кварталында», Ахунбаев көчөсү менен Айтматов проспектисинин аймагында, Селекционное айылында, Энергетиктер шаарчасында, «Asia Mall» соода борборунун аймагында жана соода борборунун өзүндө электр жарыгы өчкөнү тууралуу билдирүүлөр тараган.

Мындан тышкары, Көлбаев көчөсүндө, №70 мектептин аймагында, Орозбеков/Туголбай Ата көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Ысык-Көл облусунда электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр байкалууда.

«Кыргызстандын Улуттук электр тармактары» ААКнын өкүлдөрү өчүрүүлөрдүн себептери боюнча комментарийди кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Ал эми Казакстандын «Tengrinews» басылмасынын маалыматына караганда, Алматы шаарынын төрт районунда жана Алматы облусунун он районунда электр жарыгы өчкөн.

Алатау Жарык Компаниясы» ААКнын маалыматы боюнча, 14-августта саат 14:38де Л-5400, Л-5300 жана Л-5320 линияларындагы авариялык өчүрүүлөрдүн натыйжасында компаниянын тармактарында аварияга каршы автоматика иштеп кеткен. Натыйжада Алматы шаарындагы жана Алматы облусундагы керектөөчүлөргө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Өчүрүлгөн жүктөмдүн көлөмү 300 МВтты түзгөн.

Ошондой эле Тажисктандын Дүйшөмбү шаарында жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында айрым райондордо электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматтар тарады. Социалдык тармактардын колдонуучулары жарык болжол менен бир саат мурун алдын ала эскертүүсүз өчүрүлгөнүн жана электр энергиясы азыркыга чейин калыбына келтириле электигин жазышууда.

Последние новости