www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде үч милиция кызматкери кармалды

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо кызматынын үч инспектору коррупцияга шек саналып камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.

“Иликтөөнүн жүрүшүндө ички иштер органынын өкүлдөрү башка адамдар менен бирге жүк ташыган машинанын айдоочуларынан такай акча алып турган, анын натыйжасында Кадамжай аркылуу товарларды аткезчилик жол менен ташууга шарт түзүлгөн. УКМК учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоого аракет кылып жатат”, - деп атайын кызматтын маалыматында айтылат.

Инспекторлор менен кошо органда иштебеген дагы бир жаран кармалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости