www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Мирзиёев умра зыяратын жасады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сауд Арабияга болгон иш сапарынын алкагында ыйык Мекке шаарына зыярат кылып, умра кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы диний эрежелер боюнча ихрамга кирип, намаз окуп, талбия айтып, Масжидул Харамга жөнөдү.

«Белгилүү болгондой Каабатуллага кирүү мусулмандар кыялданган чоң сыймык. «Президентибиз ушундай сый-урматка ээ болгон жана Каабатулланын ичинде намаз окуган», - деп айтылат маалыматта.

Андан соң Байтуллахтын айланасында жети таваф, Сафа менен Марва дөңсөөсүнүн ортосунда жети саи жасалды.

Өзбекстан делегациясынын мүчөлөрү, окумуштуулар, интеллигенция өкүлдөрү менен биргеликте өлкөнүн тынчтыгы жана өнүгүүсү, элдин ден соолугу жана бакубатчылыгы үчүн дуба кылышты.

Бирок Өзбекстандын президенти башка президенттерге караганда зыяараты өзгөчө болуп, денесин көрсөткөн жок.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости