www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилдеси болду. Муну саратан жай деп да коюшат. Үркөр жылдыз жерге түшкөн күндөн баштап кырк күн бээнин сүтү табылгыс дары дешкен. Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул сөзсүз болуучу окуя. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калса, жай чилденин аяктаганы. Эгерде, Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сүмбүлө жылдызы тууйт дешкен. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт. Жайкы аптаптуу чилде оор болгон. Бирок илгерки заманда кыргыздар жайлоого чыгып кетишип, аптаптын убайын көп тартпай калышкан. Ал эми жайлоого чыга албагандар жакада калышып ысыктын түйшүгүн тартышкан. Текеге карап да кандай жыл болорун аныктаса болот. Теке бештин айынын 20-нан 30-на чейин бийик зоолорго чыгып, аба ырайына карап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгерде, үйүргө эрте кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука айбан болгондуктан, бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан, кайберендерден эң кеч үйүргө кошулганы эчки, теке болушат. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Жут болоордо 15 күн кеч жүгүрөт. Ушул айда төлдөйт, андыктан теке дейт. «Ай караган текедей» деген сөз бар кыргызда. Текелер айды эмес, жылдыздардын тогошууларын карашат. Ошого жараша келээрки жылдын жазы эрте же кеч келээрин – “моюну создугаарын” аныкташат. Ошого жараша куутту эрте, же кеч башташат. Бул – тукуму кырылып калбашы үчүн болгон алдын ала көрүлгөн туюмдун (инстинкт) негизинде көргөн камкордугу.

Эсенбай эсепчи Үркөрдүн жердеги тиричиликке таасир этээрин билген. Малдын куутун да Үркөргө карата аныктаган. Үркөр батмайын жерге жылуулук кирбейт, Үркөр таң алдында чыкканда жай бүтөт, шүүдүрүм түшөт. Жаңырган Айды карап туруп, Ай чалкалап жаңырса "өзүнө жайлуу, өзгөгө жайсыз" деген. Мындайда, эгер кыш болсо, анда өтө суук же бороон-чапкын, жай болсо абдан ысыктык (кургакчылык) же баш-аягы жок жаан-чачын күтүлгөн. Август айында эликтерде куут башталып, сентябрь айларында куут бүтөт. Бугу «Баш оонанын» аягында ышкырат (ызгырык) дейт. Бугунун ызгырыгындай деп, анын үнү өтө уккулуктуу болуп калган чагы. Бугу баш оонанын аягында, аяк оонанын башында баш оогон жакка кетип, кезип жүрөт. Ушул себептен баш оона дейт.Августтун 15 жарыгы «сүмбүлө маалы», 15 караңгысы «мыйзам маалы» аталат. Аяк оона 19 жаңысынан тогойт деген көз караш бар, бирок тогоол белгиси анык эмес, абадагы өзгөрүш анчейин болбойт. Байыркы кыргыз күзүндө жер которо башташкан. Ушул мезгилде эсепчилердин баркы жогорулаган. Анткени, кайсы мезгилде көчүш керек, аны жакшылап билип албаса көч жамгырлуу күнгө калып, тар жол,тайгак кечүүдө калган. Эсенбай эсепчи сыяктуулар жылдыздардын тогошконун карап,кайсы күнү көчөрдү аныктаган. Жайлоодон түшөөр мезгилди Эсенбай эсепчи Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган. "Чолпон көрүндү – жүк артуу керек"- деп. Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган. Көчтү жолдогулар тосуп алып ат үстүндө суусундук беришкен, көчтү токтотушкан эмес. Салт атчан манаптар козу-корпо жесе, түшүп жей беришкен, бирок көч токтогон эмес. "Эртең менен күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – аялың эркек туугандай сүйүн" деген. Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси – Чолпон. Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында, койлорду жайытка чыгарганда  же Күн баткандан кийин, койлор жайыттан кайтканда чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же "койчунун жылдызы" деп калса керек. Илгерки замандарда "Чоң Жетигенди" көчмөндөр "Кичине Жетигендин" эки жакшы атына ("ак сары ат" жана "көк сары ат") кол салганы жаткан "жети каракчы" деп түшүнгөн. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. Ал эми аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот. Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды "Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу" деп коёт. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости