www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен районунун үч тургуну үйүн тинтүү учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, аларды сабап салышкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Тинтүү учурунда Ж.Д. аттуу жарандын үйүнөн 36 куту (анын ичинде 18 миң кутуча болгон) тамеки табылып алынган. Анын баасы алдын ала эмес боюнча 1,8 млн сомду түзөт.
Белгиленгендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө үч адам Ж.Д., Ж.Я. жана Ж.Ж. тинтүү учурунда аныкталган контрабандалык жүктөрдү жашыруу максатында укук тартибин камсыз кылуучу милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, физикалык күч колдонушкан.
Натыйжада укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери ар кандай оордуктагы дене жаракаттарын алышкан.
Аталган факты боюнча Баткен районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Кара-Бак айылынын үч тургунуна Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин 2-бөлүгүнүн «Бийлик өкүлүнө коркутуу же зомбулук көрсөтүү» боюнча кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
УКМК контрабанда мыйзам чегинде жоопко тартыларын, ага тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жооп берерин эскертет.
Булак: NazarNews.kg