www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина менен болгон согушка, санкцияларга карабастан Россия дүйнөдөгү экономикалык жактан эң кубаттуу делген 10 өлкөнүн катарын толуктады. 

Мындай рейтингге Россия 2014-жылдан бери жете элек болчу. Бул тууралуу РИА Новости Дүйнөлүк банк менен улуттук статистикалык кызматтардын маалыматына таянып жазды.

2022-жылдын жыйынтыгы менен Россия 2,3 триллион долларга товар өндүрүп, кызмат көрсөткөн. Мындай жагдай өлкөгө аталган көрсөткүч боюнча рейтингдин сегизинчи сабын ээлөөгө жол ачкан. Акыркы жолу Россия бул тизмеге 2014-жылы кирип, 2,05 триллион долларлык ИДПсы менен тогузунчу орунда болчу. 2021-жылы 11-сапты ээлеген.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы менен рейтингдин башында номиналдык ИДПсы 25,56 триллион долларды түзгөн АКШ турат. Экинчи катарда Кытай жайгашса (17,94 триллион), үчүнчүнү Япония (4,17 триллион) ээлеген.

Германия (4,07) төртүнчү сапта, бешинчи катарда Индия (3,4) бар. Ал эми Британия алтынчы (3,07), Франция (2,72) жетинчи орунда турат.

Россиядан кийин тогузунчу сапты Канада (2,14), акыркы болуп тизмени сегизинчи саптан ылдыйлаган Италия (2,01) ээлеген. Ондуктан Түштүк Корея чыгып калды. Дароо үч орунга төмөндөп, 13-орунда туруп калган.

ИДП боюнча түзүлгөн рейтинг өлкөлөрдүн улуттук статистикалык кызматтарынын жылдык же кварталдык эсептөөлөрүнүн негизинде аныкталат. Мында эсеп-чот улуттук валюта менен көрсөтүлөт, эгер муктаждык болсо долларга айландырылат. 2021-жыл үчүн Дүйнөлүк банктын маалыматтары колдонулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости