www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ичинде 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири, капитан Нурсултан Манасбек уулу да болгон. Бүгүн аны сөөгү өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Дейрес-Сай айылына жөнөтүлдү.

Маркумдун Бексултан аттуу досу анын Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткандыгын, үйлөнө электигин билдирген. 

"Кабарды бүгүн угуп, аябай жаман болдук. Нурсултан менен бир класста чогуу окуп, бирге чоңойгонбуз. Мүнөзү ачык, шайыр эле. Өзү да күлүп, жанындагыларды дагы күлдүрүп жүрчү. Жогорку окуу жайды Бишкектен окуп бүтүп, Баткенде бир жылдан бери иштеп жаткан. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу, үйлөнө элек эле.  Азыр сөөгүн жолдо алып келе жатышат. Биз үйүндөбүз, бул жактагылар угуп, боз үйүн тигип койдук", - дейт маркумдун досу.

Эске салсак, Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда кыргыз тараптан 13 адам көз жумган. Алардын 10ну жергиликтүү тургундар, үчөөсү аскер кызматкерлери болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости