www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колго автомат көтөрүп мекен коргогон сыяктуу эле, маалыматтык коргонуу дагы өтө маанилүү. Бул тууралуу журналист Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Урматтуу журналисттер, блогерлер жана активдүү жарандар! Баткендеги кырдаал боюнча бирдиктүү маалымат саясатын жүргүзүүдө чогуу иштөөгө чакырабыз. Эл аралык коомчулукта маалыматтык жактан утулуп жатканыбыз байкалууда.

Ошого байланыштуу атайын борбор ачып, мамлекеттин кызыкчылыгын маалымат айдыңында биргеликте чагылдырууну сунуштайбыз.

Борбор - маалымат таратууну ирээттеп, ылгап жана бир нече тилде мамлекеттен тышкары дагы таралуусу боюнча иш алып барат.

Бүгүн, саат 15:00дө журналисттерди, блогерлери жана маалымат таратууга мүмкүнчүлүгү бар активдүү жарандарды Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын жыйындар залына жолугушууга чакырабыз. Ал жерде демилгелүү топ түзүлүп, иштин багыты аныкталат.

Андан соң, жумуш Турусбекова 109/3 дарегинде уланат. Ал жерде журналисттер үчүн бардык шарттар түзүлдү.

Колго автомат көтөрүп мекен коргогон сыяктуу эле, маалыматтык коргонуу дагы өтө маанилүү. Келгиле, биригели!

Байланыш: 0705 991199

Шилтеме аркылуу кошулунуздар: Перейдите по ссылке, чтобы вступить в мою группу в WhatsApp: https://chat.whatsapp.com/GvLB83ptwYYHtgxQOvdHRH», - деп кошумчалаган Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости