www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын берген маалыматына ылайык, бүгүн, 3-мартка карата райондо күйүүчү майдын жалпы запасы 808 миң 410 литрди түздү. Анын 589 миң 60 литри солярка, 41 миң 750 литри Аи-80, 170 миң 600 литри Аи- 92, 7 миң литри Аи-95 үлгүсүндөгү бензин.

Акыркы эки күн ичинде Исфана шаарындагы күйүүчү май тартыштыгы орун алган май куюучу жайларга, күйүүчү май жеткирилип, тартыштык жөнгө салынды.

Учурда Исфана шаарындагы май куюучу жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45,50 тыйындан сатылууда.

Бул күндөрү соляркага муктаждык болгон жок, дээрлик бардык май куюучу жайларда солярка жетиштүү болду, жазгы талаа жумуштарына кедергеси тийген жок. Тартыштык негизинен Аи-92 үлгүсүндөгү бензинге болгон.

Белгилей кетсек, күйүүчү майдын тартыштыгына Бишкек шаарынан базадан аз өлчөмдө чыгуусу себеп болсо, баасынын жогорулоосуна Россия мамлекетинде, жалпы эле дүйнөлүк рынокто жогорулагандыгы себеп болууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости