www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин санкциясына Орусия жооп кайтарды

Орусия бийлиги АКШ жана Европа Биримдигинин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырылышына жана абакка кесилишине байланыштуу бир катар жетекчилерге санкция салышына жооп кайтарып, “от менен ойнобоого” чакырды. 2-мартта кечинде жарыяланган билдирүүдө Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова акыркы санкцияларды “Орусияга карата душмандык аракет” катары баалады.

“Алексей Навальныйды “аскердик химикат” менен “ууландырды” деген айдан-ачык атайын чагымды санкция киргизүүгө шылтоо катары колдонуу толугу менен абсурд. Бул биздин ички ишибизге кийлигишүү аракетинин уланышы жана биз аны кабыл албайбыз”- деп айтылат билдирүүдө.

2-мартта Европа Биримдиги Навальныйдын ишине байланыштуу Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчисине, башкы прокуроруна, Жаза аткаруу кызматынын жана Росгвардиянын башчыларына санкция салары белгилүү болгон.

Андан көп өтпөй АКШ Орусиянын жети жогорку даражалуу жетекчисине санкция киргизерин жарыялаган. АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко баштаган жетекчилер илинген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости