www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажиктердин кол салуусунан Бактенде 400дѳн ашык үй талкаланып, кыйраган эле. Бийлик жарандардын үйлѳрүн мамлекеттин эсебинен кайра куруп берип жатат. Бүгүнкү күндѳ дээрлик кѳбү бүтүп, ээлерине берилип жашай башташты. 

Бирок, бүткѳн курулуш, үйлѳр боюнча чыр тутанды. Башкача айтканда, Баткендеги толугу менен талкаланган Капчыгай, Достук эки айылды калыбына келтирген “Алмалы Доор курулуш” менен “Келечек ЛТД” Баткендеги ишкерлердин миллиондогон акчасын бербей жатыптыр. Себеби, курулган бир топ үйлѳр элден, ишкерлерден карызга алынган акчага курулган экен. Жада калса эки көзү толук көрбөгөн майып жигит, карызга берген 500 миңден ашык акчасын алалбай жатканын, курулган үйлѳргѳ, карызын алалбаган ишкерлерге байланыштуу “Азаттык” кенен жазып чыкты. 

Арийне, Баткендеги талкаланган үйлѳрдү калыбына келтирүү жоопкерчилигин президенттин иш башкармалыгын жетектеген Каныбек  Туманбаев алган. Болгон каржы маселесине жоопту ошол. Демек, Туманбаев президентке сѳз тийгизип, жаманатты кылдырбай маселени чечиши зарыл. Болбосо, Чубактын кунундай созулган чыр, ѳлкѳ башчысынын аброюна кѳлѳкѳ түшүрүп, элдин ишенимин тѳмѳндѳтѳт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости