www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде "үй курам" деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпы болуп 5 миллион 347 миң 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүү жагын суранышкан. 

Аталган факты боюнча май айында Баткен ОИИБинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда, “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н  шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости