www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коңшу өлкөлөрдүн биринен аткезчилик менен алынып келинген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июнда контрабандага каршы күрөшүү иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК тарабынан Лейлек районунун тургундары 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т. башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, кочкул көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган. Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районуна жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости