www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусунда уруксаат берилген чектен ашыкча жүк жүктөп алган унаа аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 30-декабрында Лейлек районунун Кулунду айылында И.А. аттуу жарандын башкаруусундагы, уруксаат берилген чектен ашып, 30 тонна минералдык жер семирткичтердин үрөөнүн жүктөп алган “Вольво FH” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чаралардын негизинде, жогорудагы транспорт каражаты Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин техникалык көзөмөл пунктунун (ТКП) жооптуу кызматкерлери тарабынан “Кызыл-Кыя – Кулунду” каттамы боюнча жол берилген салмактык жүктөмдү ашыра аткаргандыгы үчүн техникалык салмактык көзөмөлгө алынбаганы аныкталган.
Бул боюнча ТКПнын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси “Шалаакылык” боюнча кылмыш иши козголгон.
13-июнда Кадамжай райондук сотунун өкүмү менен Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы ТКПнын кызмат адамдары Н.И., А.И., А.К., И.Э.уулу жана А.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бирине 50 миң сомдон айып салынган.
Ошондой эле, И.А. тарабынан жолдун катмарына келтирилген 96 миң сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурган.
Булак: NazarNews.kg