www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина президенти Владимир Зеленскийдин РФ башчысы Путин туурасындагы күтүлбөгөн сөздөрү Twitterдин колдонуучуларын таң калтырды.

Тактап айтканда Twitter колдонуучуларын Зеленскийдин «Батыш лидерлеринин баардыгы Путинден коркушат», - деген сөзү таң калтырган. 

Владимир Зеленский BBСге маек берип, анда «Батыш өлкөлөрүнүн президенттери Россия президенти Владимир Путинден коркуша тургандыгын жана Украинанын НАТОго киришине тоскоолдук жаратып жатышкандыгын» өз оюнда бекемдеген.  

Twitter колдонуучулары Украина президентинин бул пикиринен кийин кызуу талкууга өтүшкөн.

«Ал курал берип жатышкан адамдардын кыжырын келтирбеши керек», - деп бирөөсү жазса, 

«Зеленский НАТОну Россия менен чатакташтырып, аягында чыр-чатакты ядролук согушка чейин жеткирмекчи», - деген оюн дагы бирөөсү билдирген. 

«Эмнени сүйлөсө да согуштан башканы сүйлөбөгөн», - деп дагы бири нааразылыгын билдирсе, 

«Менде ушундай сезим пайда болууда, АКШ менен НАТО аягында Украина менен Зеленскийди таштап кетчүдөй болуп турат», - деген божомолчулар да бар.  

«Согушту токтотсунчу, кыйын экенин көрөлү», - деп үмүт менен карагандар да чыгат социалдык интернет түйүндү колдонуучулардын арасынан. 

Киев режими НАТОго тездетилген шартта кирүү талабын таңуулап жатат. Бирок, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг азырынча «Вильнюстагы июль саммитине чакыруу жөнөтүлө электигин» билдирди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости