www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде Төрт-Күл суу сактагычына чөккөн экинчи өспүрүмдүн денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн (болжол менен 15-20 жашта) 2 бала сууга чөккөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

ӨКМдин издөө-куткаруу отрядынын куткаруучуларынын издөө иштеринин натыйжасында 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган Д. М. аттуу өспүрүмдүн сөөгү табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган М.А. аттуу экинчи баланы издөөгө 18-май күнү да ӨКМден 36 куткаруучу тартылып, саат 14:14тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости