www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын азыркы башчысы Режеп Тайып Эдогандын президенттик шайлоодогу атаандашы, оппозиция лидери Кемаль Кылычдароглу бардык качкындарды өлкөдөн чыгаруу ниетин билдирди. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазып чыкты.

“Эгер мен шайлоодо утуп калсам, баардык качкындарды кайра артка жиберем”, - деп саясатчы Анкарадагы пресс-жыйында билдирди.

Буга чейин жети оппозициялык партиядан Түркиянын президенттигине талапкер Кемаль Кылычдароглу шайлоодо жеңип чыкса, өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону убада кылган.

Эске сала кетсек, 14-майда Түркияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн. Эрдоган 49,5 пайыз добуш менен оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглун артта калтырды. Анын атаандашы 44,89 пайыз алды. Жеңүүчү 28-майда экинчи турда аныкталат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости