www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 18-майда, Шэньси провинциясынын Сиань шаарында (Түндүк-Батыш Кытай) Кытайга "Кытай-Борбор Азия" саммитине катышуу жана мамлекеттик сапар менен келген Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.
Садыр Жапаровдун Кытайга келишин кубаттап, Си Цзиньпин алардын ортосунда өткөн жылы эки жолугушуу болгонун эске салып, анда Кытай-Кыргызстан мамилелери жана түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча маанилүү макулдашууларга жетишилгенин белгиледи. Си Цзиньпиндин айтымында, бул макулдашуулар натыйжалуу ишке ашырылууда жана эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүүгө күчтүү түрткү берет.
Си Цзиньпин белгилегендей, Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден бери өлкө элинин колдоосуна ээ болуп, экономиканы өнүктүрүү, элдин бакубаттуулугун жогорулатуу жана ар кандай саясий күчтөрдүн ынтымагына көмөктөшүү үчүн тынымсыз аракеттерди жасады.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан бардык маселелерде сөзсүз түрдө жаңы ийгиликтерге жетишээрине ишенимин билдирди.
“Кытай-Кыргызстан мамилелери 31 жылдык өнүгүү жолун басып өттү жана Кытай Кыргызстан менен жакшы коңшулук, достук жана жалпы бакубатчылык менен мүнөздөлгөн жалпы тагдырдын кытай-кыргыз коомчулугун куруу, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, эки өлкөнүн өнүгүүсү жана көтөрүлүшү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даяр. Дагы бир жолу "Кытай-Борбор Азия саммитине кош келдиңиз"”, - деди Кытай лидери.
Садыр Жапаров жолугушууга кубанычтуу экенин жана алдыдагы саммитке чоң үмүт артып жатканын билдирди.
"Урматтуу төрага мырза, сиз менен байыркы Улуу Жибек Жолунун башталышы болгон кереметтүү Сиань шаарында чыныгы символикалуу жерде жолукканыма абдан кубанычтамын. Биз дагы эртең боло турган "Борбордук Азия-Кытай" саммитинен үмүтүзбүз чоң, - деп белгиледи Кыргызстандын лидери.
Булак: NazarNews.kg