www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратурада 23 жыл иштеген Жамиля Жаманбаева акыйкатчы болуп шайланганы боюнча эки күндөн бери кызуу талкуу жүрүүдө.

Мындай кадрга ичи чыкпагандардын көбү:  "Аңгектен качсаң дөңгөккө" деген ушул тура.  Мамлекетте прокурор менен соттордун адилетсиздигинен жапа чегип зар какшагандар көп. Анан өмүр бою айыптоочу болуп иштеген прокурор кантип акыйкатчы болот" дешип жерге түкүрүп жатышат... 

Айтор, президенттин кадрдык саясатына нааразы болушуп кескин сынга алгандар менен мындай алешемдик иштерди атайылап элге каршы жасап жатышабы деп баш катыргандар андан көп. 

Чынында, коомчулук өмүрү бир адамдын укугун коргобогон адамдын Акыйкатчы болгонун, "карышкырга кой кайтарткандай" кабыл алып жатышат. Сыягы, президент "кадрдык голод, инопланетян болсо дагы кызматка коём" дегенин далилдеп жатат окшойт. 

Жалаң айыптап, күнөө тагып көнгөн адам кантип башкалардын укуктарын коргойт? Акыйкатчы деген жаманбы, жакшыбы укук коргоо жаатында иш алып баргандар, адвокаттар, же калыстыгы, акыйткатчылдыгы бар саясатчы, коомдук ишмерлер, болбой баратса чындык, башкалардын укуктары үчүн күрөшүп келген журналисттерден болсо жарашмак. 

Анан аң-сезим, түшүнүгүндө, иш тажрыйбасында жалаң айып тагып көнгөн прокурордун Акыйкатчы болуусу, чынында принцибинде, табиятында туура эмес, логикага сыйбаган нонсенстик көрүнүш...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости