www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Жо Байден Японияда өткөрүлмөкчү болуп жаткан «Чоң жетиликтин» саммитине барат.

Андыктан Байден Австралияга жана Жаңы Гвинеяга болгон иш-сапарын башка убакытка жылдыргандыгы айтылат.  

Анда Джо Байден союздаштары менен Орус-Украин согушунун айланасындагы кырдаал, Тынч океан аймагындагы Кытайдын «өжөр» саясаты жаатында кеңешишет. Мындай маанилүү иш-чара Американын ичиндеги чыңалууну жаратып жаткан мамлекеттик карыздын фонунда өтүп жатат. 

Байден АКШнын Эл аралык иштерде жана өлкөнүн ичиндеги экономикалык маселелерди чечүүдө чебер саясат жүргүзө алаарын көрсөткүсү келет.   
Хиросима шаарында өткөрүлмөкчү болуп жаткан «Чоң жетиликтин» саммитинде климаттык өзгөрүүлөр, экономика жаатында жана глобалдык өнүгүүдөгү кызматташтыктар менен бирге Украин бириккен согушкер күчтөрүнүн орус күчтөрүнө каршы контрчабуулдарынын маселеси каралат. 

Хиросима саммитинде Австралия, Индия, Япония жана АКШнын лидерлеринин «төрт тараптуу диалог» форматындагы сүйлөшүүсү күтүлүүдө. 

Бул жолугушуулардын маңызы Кытай мамлекетинин Индия-Тынч океан аймагындагы экономикалык жана аскердик өкүмзордугуна жооп берүү ниетин көздөп жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес.    

Булак: NazarNews.kg

Последние новости