www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

China Media Group (CMG) 17-майда “Бир алкак жана бир жолдун” биргелешкен курулушун илгерилетүү максатында Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн медиа тармагынын ортосундагы маалымат алмашууну, кызматташтыкты арттырууга жана жалпы Кытай-Борбордук Азия менен бир коомчулукту түзүүгө багытталган “Борбор Азия Экспресс” аттуу жаңы программасын ишке киргизди. Бул тууралуу NazarNews агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.

Кызматташтык программасына Кытайдын көп тилдүү CCTV+ маалымат агенттиги,  “Деловой Казахстан” гезити, Кыргызстандын “NazarNews” маалымат агенттиги, “Медиа-Түркмөнстан”маалымат агенттиги, Өзбекстандын “Народное слово” гезити жана Тажикстандын “Ховар” улуттук маалымат агенттиги кошулду. Медиа кызматташтык программасын ишке ашыруу аземи 17-майда, 18-19-май аралыгында Сиань шаарында (Шаньси провинциясы, Түндүк-Батыш Кытай) өтө турган Кытай-Борбор Азия саммитинин башталышына бир күн калганда өттү.

Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу медиа өкүлдөрү сөз сүйлөп, Кытай менен алардын өлкөлөрүнүн ортосундагы салттуу достук алмашуулар аркылуу тереңдеп баратканын, мындай байланыштарды жайылтуу милдетин жалпыга маалымдоо каражаттары өз мойнуна алышы керектигин айтышты.

Кызматташтыктын жаңы программасын ишке киргизүү жаңылыктарды чагылдыруунун сапатын жакшыртып, алардын ишенимин арттырып, достук менен өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишеним билдиришти. Онлайн иш-чарага “Деловой Казахстан” гезитинин башкы редактору Серик Коржумбаев, “NazarNews” маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева, “Медиа-Түркмөн” маалымат агенттигинин башкы редактору Нурмырат Йылкыбаев, “Народное слово” гезитинин башкы редакторунун орун басары Руслан Кенжаев, ошондой эле Тажикстандын “Ховар” улуттук маалымат агенттигинин орус бөлүмүнүн башкы редактору Лайло Тохири.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости