www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай лидеринин Борбор Азиянын 5 мамлекети менен экономиканы өнүктүрүү жана коопсуздук маселелерин жөндөп кетүү максаты бар. 

Японияга белгиленген “Чоң жетиликке” кирген мамлекеттердин лидерлеринин жыл сайын өтүүчү жыйынынан бир күн мурда Борбордук Азия мамлекеттеринин биринчи ачык саммитин өткөрүү идеясы Кытай тарабынан козголгон.  

Сиань шаарында өтүп жаткан 2 күндүк иш-чарада КЭРдин лидери Си Циньпин экономикалык кызматташтыктарды бекемдөө жана коопсуздук жаатында кеңири сөз сүйлөдү. 

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин лидерлеринин биринчи саммити өткөн жылы Пекин шаарында виртуалдык форматта болгон.  

“Бир тилке-бир багыт” аталышындагы Кытай өлкөсүнүн демилгесинде Эл аралык энергетикалык жана соода-сатык тармагын өнүктүрүү менен инфратүзүмдү масштабдык алкакта өнүктүрүү менен ишке ашыра турган инвестициялык долбоорлор камтылган. 

Аймактагы чектеш мамлекеттер Кытай рыногунда кеңири чөйрөдө  кызматташууну кааласа, Пекин саясый жана коопсуздук жаатындагы  мамилелерди бекемдөөгө умтулууда-деп жазат “Америка үнү” маалымат кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости