www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч күн мурун Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылында 25 жаштагы жергиликтүү тургун өз үйүнөн желкесине ок жеп,  көп узабай жан берген.

Көрсө, бул кылмыш күнүмдүк турмуш-тиричиликке байланышкан окуялардан улам келип чыккан экен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, маркум буга чейин бир турмуш көрүп, ал никесинен бир кыздуу болгон. Кийинчерээк өзү дагы бир ирет үйлөнгөн. Бирок, көнгөн адат калабы дегенби, мурдагы келинчегинин турмушуна кийлигишип, ага тынчтык бербей жүргөн дешет билгендер. Анын мындай жоруктарына кайнатасы дагы далай ирет күбө болуп, күйөө баласын тыюуга аракет жасап жүргөн. Тилекке каршы, андан дагы майнап чыккан эмес. Акырында кайнатасы мурдагы күйөө баласын коркутуп коюну көздөп, 27-октябрь күнү түнкү саат 00:30 чамасында күйөө баласынын үйүнө барып, ага карата ок чыгарган. Жабырлануучу ооруканага жетпей көз жумган. Кайнатасы көп өтпөй укук коргоо кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, кылмышка далил сайсыз мылтык дагы анын үйүнөн табылган.

Каза болгон жаран 28-октябрь күнү жерге берилип, анын өлүмүнө байланыштуу экспертизалар дайындалган.

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости