www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги облус башчынын эмнеге ачуусу келди?

Бүгүн, 15-майда Баткен облусундагы кырдаал, элге чек арадагы окуялардан кийинки аткарылган иштер боюнча жыйын өттү. 

Маалым болгондой, жыйынга облустагы тиешелүү тармактардын жетекчилеринин теңинен көбү келген жок. Жетекчилердин 70% жыйынга келбегендиги облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин нааразычылыгын жаратты. Ал жетекчилерге чара көрүлөрүн белгиледи.

«Бул эмне деген көрүнүш? Булар эмне бул жакка командировкага келгенби? Баткен өнүксүн деген ой жок ал жетекчилерде. Булар командировкага келгендер. Мындай нерсени токтотуш керек. Көбүнчө Баткенге убактылуу отуруп турсам деп Бишкекти карап отурушат баары. Андайды токтотуш керек. Бул жакка иштейм деген максат менен келиш керек. Убактылуу келип туруп, «Баткенге барып турайын, иштеп тур, анан Бишкекке алып кетебиз» деген ой туура эмес. Мына азыр жетекчилердин 70% жок. Кантип иштейбиз анда?», - деди Алимбаев.

Облустук жетекчиликтин аппарат башчысы Мунарбек Насыровдун айтымында, тиешелүү жетекчилер келбегени үчүн жыйын саат 17:00го жылдырылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости