www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» ишканасынан 2,1 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

«Соттун 14-майдагы чечими менен Мамлекеттик салык кызматына караштуу Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө департаментинин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды өндүрүү жөнүндөгү доо арызы канааттандырылды.

Компаниядан камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2 миллиард 105 миллион 631 миң сом жана мамлекеттин эсебине 10 миллион 583 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечими кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар 30 күндүн ичинде бул чечимге карата апелляциялык тартипте даттанса болору кошумчаланды. 

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Кумтөр Голд Компани» компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишимдин бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен УКМКнын маалыматы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости