www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чаралар бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактоо зарылчылыгын эске алуу менен жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүлүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова белгилүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейине арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отурумунда билдирди.

«Жусуп Абдрахманов - биздин доордун көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмери, заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири. Жеке адамдын масштабын жана анын кыргыз элинин заманбап тарыхына кошкон салымын эске алганда, бардык юбилейлик иш-чаралар жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүшү керек.

Кароого жана бекитүүгө сунушталган көрүнүктүү коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын планы өтө мазмундуу жана маанилүү. Мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү процессине катышкан ар бир мамлекеттик орган коронавирус инфекциясынын уланып жаткан пандемиясын эске алуу менен, маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек», - деди ал.

Талкуунун жыйынтыгында, коомдук жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык юбилейин өткөрүү боюнча сунушталган Иш-чаралар планын айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен бекитүү чечими кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости