www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

27-июнда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн демилгеси менен коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн рейд өткөрүлдү.

Иш-чарага милиция кызматкерлери, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Токой чарбасынын өкүлдөрү жана Баткен ОИИБдин МККК кызматынын өзгөчө багыттагы туристтик взводунун кызматкерлери катышты.

Рейд Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылынын Алмалы жайлоосунда жайгашкан эс алуу жайларында жүргүзүлүп, жарандарга кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Бужум айылында да коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында күчөтүлгөн тартипте рейд уюштурулду.
Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 10 административдик протокол түзүлүп, эки автоунаа айып короого токтотулду.

Последние новости