www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22–25-июнь күндөрү Марокконун Танжер шаарында «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер» (UCLG) дүйнөлүк уюмунун Дүйнөлүк конгресси жана Жергиликтүү жана аймактык лидерлердин дүйнөлүк саммити өттү.

Эл аралык иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн шаарлардын жана аймактардын өкүлдөрү катышты.

Конгресске Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов катышып, Бишкек шаары мүчө болгон UCLG-Евразия делегациясынын курамында сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын алкагында UCLGнин Башкы Ассамблеясынын, Дүйнөлүк кеңешинин жана Аткаруу бюросунун жыйындары өтүп, туруктуу өнүгүү, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүү, климаттык саясат, эл аралык кызматташтык жана шаарларды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жылдызбек Абдраимов өз сөзүндө Евразия аймагындагы шаарлардын кызматташтыгын кеңейтүүнүн, муниципалдык мыкты тажрыйбаларды алмашуунун жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бишкек шаардык кеңешинен билдиришкендей, конгресске катышуу борбор калаанын эл аралык муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, чет өлкөлүк шаарлар менен өнөктөштүктү чыңдоого жана глобалдык күн тартибин калыптандырууга активдүү катышууга болгон умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.

Последние новости