www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги селдин чыгымы 20 млн сомдон ашты

Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарынын аймагында жүргөн селдин жалпы чыгымы 20 миллион 800 миң сомду түздү.

Селден жабыркаган турак үйлөр толугу менен тазаланып, залалсыздандыруу иштери аяктады, убактылуу коопсуз аймактарга көчүрүлгөн тургундар өз үйлөрүнө кайтты. Ошондой эле үйү жашоого жараксыз абалга келген эки үй-бүлө убактылуу бош турак жайларга жайгаштырылды.

Бул маалыматтар 10-майда Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматынын отурумунда айтылды.

Последние новости