www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Түндүк-Түштүк» унаа жолунда үч жол тейлөө пунктун курууну баштады.
Тейлөө пункттары Балыкчы – Жалал-Абад жолунун 107-, 261- жана 358-чакырымдарында курулат.
Курулуш иштери Кызарт жана Сузак аймактарында башталды. Ал эми Сары-Камыш 261-чакырымдагы курулуш иштери тиешелүү документтер толук бүткөндөн кийин башталат.
Бул долбоордун негизги максаты — жол тейлөө иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, жолчулардын жашоо шартын жакшыртуу, ошондой эле кооптуу аймактардагы жол тейлөө иштеринин сапатын арттыруу болуп саналат.
Жол тейлөө пункттары сел жүрүү жана таш кулоо коркунучу бар, кыш мезгилинде көчкү түшүү тобокелдиги жогору аймактарда курулууда. Аталган пункттар авариялык кырдаалдар жаралганда же көчкү түшкөн учурларда кооптуу тилкелерге ыкчам жетип, өз убагында чара көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.